Ошондой эле, фонддун бүтүндөй командасы абдан жылуу кабыл алып, өзгөчө камкордук менен тосуп алышты. Алардын ар биринен колдоону, түшүнүүнү жана биздин ишибизге болгон чыныгы кызыгууну сездик.
Эң негизгиси, алар Махабаттын ишин аягына чыгаруу үчүн мындан ары да колдон келген аракеттерин жумшап, бизди колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Мындай колдоо бизге чоң күч, үмүт жана алдыга умтулууга дем берет. Махабаттын иши акыйкат чечилиши үчүн күрөштү улантабыз. Биздин үнүбүздү угуп, жаныбызда турган жана адилеттик үчүн бирге аракет кылып жаткан ар бир адамга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.
Post #4673
1.3K

- 🔥 63
- 👍 10
- ❤ 5
- ❤🔥 4
- 👎 1
- 🤬 1
- 😡 1