Clooney Foundation for Justice уюмунун The Albies сыйлык тапшыруу аземинен алган өзгөчө таасирлерим менен бөлүшкүм келет.
Джордж Клуни мени биринчи жолу көргөндө эле биздин ишибиз үчүн ыраазычылык билдирип, англис тилим кандай экенин сурады. Мен англис тилим анча жакшы эмес экенин айттым. Ал эми сөзүмдү сүйлөп, репетицияны бүтүргөндөн кийин, жаныма келип, кучактап: «Англис тилиң сонун экен!» — деп жылуу сөздөрүн айтты. Бул мен үчүн абдан жагымдуу жана эсте каларлык учур болду.
Жалпысынан, Амаль менен Джордж Клунинин биздин абалыбызга кайдыгер карабай, биз үчүн чын жүрөктөн тынчсызданып, колдоо көрсөтүп жатканы өзгөчө таасир калтырды. Алардын жөнөкөйлүгүн, жылуу мамилесин жана адамгерчилигин жакындан көрүп, дагы бир жолу ыраазы болдум. 1/2
Post #4672
1.18K

- ❤ 32
- 🔥 19
- 👍 4
- ❤🔥 3