Clooney Foundation for Justice фондунун The Albies сыйлыгын тапшыруу аземи жомоктогудай өттү. Кече Бишкекте таңга жуук аяктады.
Журналист үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги мындай сый-урматка татыктуу болуу — жөн гана сыйлык эмес. Бул — эмгегиңдин, чындыкты айтууга болгон аракетиңдин жана кесибиңе берилгендигиңдин бааланганы. Мындай учурда сыймыктануу менен бирге чоң жоопкерчиликти да сезет экенсиң.
Ушул жолдо бизди колдоп, ишенип, дем-күч берип келген ар бириңиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Силердин колдооңор биз үчүн абдан маанилүү!
Амаль жана Джордж Клуниге эмгегибизди, басып өткөн жолубузду баалап, биздин үнүбүздү дүйнөгө жеткирүүгө салым кошкону үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Post #4668
1.29K




- 🎉 35
- ❤ 18
- 🔥 10
- 👍 3
- ❤🔥 2
- 😁 1
- 😍 1
- 😡 1