АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ АЛЕКСАНДР ЛУКАШЕНКО МЕНЕН ЖОЛУКТУ
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту.
Жолугушуу 2-октябрда Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте өттү.
Адылбек Касымалиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын Александр Лукашенкого жеткирип, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында Беларусь менен түзүлгөн өз ара пайдалуу кызматташтыкты жогору баалай турганын белгиледи.
Жолугушууда ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана жаңы практикалык чечимдерди иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Post #10163
9



