КИКБОКСИНГ БОЮНЧА СПОРТСМЕНДЕР МЕКЕНГЕ КАЙТЫП КЕЛИШТИ
Бүгүн, 28-сентябрда Кыргызстандык спортсмендер Италиянын Венеция шаарында өткөн юниорлор жана кадеттер арасында кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатынан кайтып келишти.
Спортсмендерди Манас Эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев тосуп алды.
Эскерте кетсек,мелдештер 18-27- сентябрь аралыгында өтүп,Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасы жалпы жыйынтык боюнча : 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушкан.
Post #10084
14
