🎗 Октябрь — эл аралык эмчек безинин рагы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу айы
Эмчек безинин рагы — аялдар арасында эң көп кездешкен онкологиялык оорулардын бири. ДССУнун маалыматына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзүндө болжол менен 2,4 млн аялга эмчек безинин рагы диагнозу коюлуп, 694 миңге жакын аял бул оорудан каза болгон.
Оору эрте аныкталып, дарылоо өз убагында башталса, жакшы жыйынтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулайт. Ошондуктан ден соолугуңузга көңүл буруп, дарыгерге кайрылууну кечиктирбеңиз.
Өзүңүзгө кам көрүү жөнөкөй:
💗 жаш курагыңызга жана дарыгердин сунушуна ылайык текшерүүдөн жана скринингден өтүңүз;
💗 эмчек бездериндеги адаттан тыш өзгөрүүлөргө көңүл буруңуз;
💗 кандайдыр бир өзгөрүү байкалса, өз убагында адиске кайрылыңыз.
Ооруну эрте аныктоо — өмүрдү сактап калууга жардам берет.
Өзүңүзгө кам көрүүнү кийинкиге калтырбаңыз! 💗
*****
🎗 Октябрь — Международный месяц осведомлённости о раке молочной железы
Рак молочной железы — самый распространённый вид рака среди женщин. По данным ВОЗ, в 2024 году в мире около 2,4 млн женщин получили этот диагноз, около 694 тысяч умерли от заболевания.
При раннем выявлении и своевременном лечении шансы на благоприятный исход значительно выше. Поэтому важно внимательно относиться к своему здоровью и не откладывать обращение к врачу.
Заботиться о себе просто:
💗 проходите обследования и скрининг в соответствии с возрастом и рекомендациями врача;
💗 обращайте внимание на любые необычные изменения в молочных железах;
💗 при появлении изменений своевременно обращайтесь к специалисту.
Раннее выявление может спасти жизнь.
Берегите себя и не откладывайте заботу о своём здоровье! 💗
#күлгүн_октябрь #розовый_октябрь #рмж
Post #11568
119