Кыргызстан менен Монголия балдар кардиохирургиясы жана трансплантология тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
2026-жылдын 6-октябры. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын келечектүү багыттары жана биргелешкен медициналык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн саламаттык сактоо системаларында бир катар окшош көйгөйлөр бар экенин белгилешти. Алардын катарында жугуштуу эмес оорулардын жогорку көрсөткүчү жана алыскы аймактардын тургундары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы бар. Ушуга байланыштуу оорулардын алдын алууга, саламаттык сактоону санариптештирүүгө жана телемедицинаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49118
Кыргызстан и Монголия обсудили развитие сотрудничества в детской кардиохирургии и трансплантологии
Сегодня, 6 октября 2026 года. Министр здравоохранения КР Дамир Осмонов провёл встречу с Чрезвычайным и Полномочным Послом Монголии в Кыргызской Республике Дэмчигом Тэгшжаргалом. Стороны обсудили перспективные направления сотрудничества в сфере здравоохранения и возможности реализации совместных медицинских проектов.
В ходе встречи стороны отметили схожесть ряда вызовов, стоящих перед системами здравоохранения двух стран, включая высокую нагрузку неинфекционных заболеваний и необходимость обеспечения доступности медицинской помощи для населения отдалённых районов. В этом контексте особое внимание было уделено профилактике, цифровизации здравоохранения и развитию телемедицины.
Post #11580
47