КРнын Саламаттык сактоо министри БУУнун аянтчасында пандемияларга глобалдык даярдыкты чыңдоо боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын пандемиялардын алдын алуу, аларга даярдык көрүү жана чара көрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынынын пленардык отурумунда сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө министр биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун зарылдыгын белгилеп, глобалдык деңгээлде кабыл алынган милдеттенмелерден практикалык жана туруктуу чараларга өтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Дамир Осмонов Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун глобалдык саламаттык сактоо архитектурасын чыңдоодогу борбордук координациялоочу ролун колдой турганын ырастады. Ал өлкөлөрдүн вакциналарга, диагностикалык каражаттарга жана дары-дармек каражаттарына адилеттүү жана өз убагында жетүүсүнө, ошондой эле технологияларды өткөрүп берүүгө жана улуттук өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/48694
Министр здравоохранения КР представил позицию Кыргызстана по укреплению глобальной готовности к пандемиям на площадке ООН
Министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов выступил на пленарном заседании Совещания высокого уровня Генеральной Ассамблеи ООН по предотвращению пандемий, обеспечению готовности к ним и реагированию на них, которое состоялось в штаб-квартире Организации Объединенных Наций в Нью-Йорке.
В своем выступлении министр подчеркнул необходимость укрепления международного сотрудничества в противодействии биологическим угрозам и отметил важность перехода от принятых на глобальном уровне обязательств к практическим и устойчивым мерам.
Дамир Осмонов подтвердил поддержку Кыргызской Республикой центральной координирующей роли Всемирной организации здравоохранения в укреплении глобальной архитектуры здравоохранения.
Post #11565
121