«Наристе» бала бакчасында эне тилди жана мекенди даңазалаган майрамдык иш-чара өттү
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу №115 «Наристе» бала бакчасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата «Кайсы элдин бекем болсо тамыры, өчпөйт анда уңгу жолу, тарыхы» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — балдарга эне тилди урматтоону, кыргыз тилин сүйүүнү жана мекенчилдик сезимди калыптандыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн маанисин түшүндүрүү.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучулар тарабынан кыргыз тилине арналган ырлар, көркөм окуулар, бийлер, ыр-күүлөр жана сахналаштырылган үзүндүлөр тартууланды.
Иш-чара балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга багытталат.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/48605
В «Наристе» прошёл праздник, посвящённый кыргызскому языку и независимости страны
В детском саду №115 «Наристе» при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики состоялось праздничное мероприятие «Кайсы элдин бекем болсо тамыры, өчпөйт анда уңгу жолу, тарыхы», посвящённое Дню государственного языка Кыргызской Республики и 35-летию независимости Кыргызской Республики.
Основная цель мероприятия — воспитывать у детей уважение к родному языку, любовь к кыргызскому языку и чувство патриотизма, а также сформировать понимание значения независимости Кыргызской Республики.
В рамках праздничного мероприятия воспитанники детского сада представили стихи, посвящённые кыргызскому языку, художественные чтения, танцы, музыкальные номера и театрализованные постановки.
Мероприятие направлено на развитие творческих способностей детей, популяризацию национальных ценностей и воспитание любви к Родине.
Post #11549
108