TGViewer
Kloop кыргызча Kloop кыргызча @kloopkyrgyz · 674 subscribers
Post #24695 266
TikTok'тогу билдирүүсү үчүн кармалган Айтилек Орозбеков камакка алынды

Өткөн аптада TikTok'тогу билдирүүсү үчүн кармалган соцтүйүн колдонуучусу Айтилек Орозбеков 2025-жылдын 1-январына чейин ТИЗО-1де камакта болот. Мындай чечимди УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-ноябрда кабыл алды.

Соттун басма сөз кызматынын «Клоопко» Орозбеков бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо беренеси менен айыпталып жатканын билдиришти.

«Азаттыкка» өзүн Орозбековдун досумун деп тааныштырып, аты-жөнүн ачык айтпоону суранган адам ал TikTok социалдык түйүнүнө жарыялаган видеого байланыштуу кармалганын билдирген. Азырынча УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

«Тик Токтогу "Убакыт көрсөтөт" деген каналындагы видеолор үчүн кармалыптыр. Бирок ал каналда азыр видеолор жок экен. Ошол видео жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгону үчүн деп расмий айтышыптыр. Мага ошентип жазып жибериптир адвокат келгенче. Ал Кыргыз түрк Анадолу лицейинде сабак берчү. Ал жактан да кеткенине аз эле болгон, азыр жумуш издеп жүргөн», —  деди ал.

Айыпталуучунун адвокаты Исмаил Каримжановдун айтымында, Орозбеков күнөөнү мойнуна алган жок жана эч кандай чакырык жасабаганын билдирүүдө.

«Анын жазгандарын жакынкы күндөрү экспертизага жөнөтүп, чакырык бар же жокпу аныктайт экен», — деп кошумчалады адвокат.  

Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы болуп иштеп, кийин оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясына мүчө болгон.

Акыркы жылдары Кыргызстанда «Жапырт башаламандыктар», «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо», «Бийликти күч менен басып алуу», «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыпталган адамдардын саны көбөйдү.

Жакында «Клооптун» дата-бөлүмү жарыялаган изилдөөгө ылайык, акыркы төрт жылдын ичинде жогорудагы беренелер боюнча айыпталган 140 киши камакка алынган. Алардын арасында журналисттер менен саясатчылардан тышкары активисттер жана соцтүйүндөрдүн катардагы колдонуучулары да бар.

#кабарлар
  • 👍 2
More from @kloopkyrgyz
  1. Oct 7, 20265-октябрда президент Бишкек-Аренаны расмий ачты. Бул дал келүүбү же жокпу белгисиз, бирок…
  2. Oct 6, 2026Сизге дагы мектептин окуу китептери жетпей калдыбы? Аларды кайдан сатып алышты дагы билбей…
  3. Oct 5, 2026Журналист Эрнис Кыязов бийликке сын айткан саясатчылардын маегин жарыялабай, себеп катары…
  4. Oct 3, 2026Президент Садыр Жапаров Лос-Анжелеске люкс класстагы жаңы бизнес-джет менен барды. Учактын…
  5. Oct 1, 2026Чыга элек интервьюнун үзүндүлөрүнө караганда, анда бийликке бир далай сын айтылгандай. Жап…
  6. Oct 1, 2026Эрнис Кыязов Сыймык Жапыкеев менен курган маегин жарыялабай турган болду Жакында эле Финпо…
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →