Ар бир адамдын үнү угулууга тийиш! 🌍🔭
Аалам — Борбордук Азияда дебатты өнүктүрүү максатында түзүлгөн онлайн дебат клубу.
Долбоордун максаты:Борбордук Азиянын бардык аймактарынан келген спикерлердин тең укуктуу катышуусун жана өкүлчүлүгүн камсыз кылуу. Кыргызстанда шаардык дебат борбору Бишкек шаарында гана бар. Өлкөнүн башка аймактарында көптөгөн дебатчылар сапаттуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнүн, колдоонун жана практикалык тажрыйба топтой турган турнирлердин жетишсиздигинен улам өз потенциалын толук ишке ашырууда кыйынчылыктарга туш болушат.Биз эмне сунуштайбыз?💻 Борбордук Азиянын бардык аймактарынан онлайн катышуу, ошондой эле Бишкек, Алматы, Астана жана башка шаарларда өтүүчү офлайн турнирлерге катышуу мүмкүнчүлүгү.
Бизде
3 лига болот: кыргыз, англис, орус тилдеринде.
Катышуучулар чакан топтордо, жеке мамилеге негизделген форматта билим алышат. Сабактарды көптөгөн турнирлерде жеңиштерге жетишкен жана калыстык тажрыйбасы бар менторлор өткөрөт.
🎗️ Клубдун өзгөчөлүгү —
социалдык багыт.
Биз маанилүү коомдук маселелер боюнча раунддарда гана талкуу жүргүзбөстөн, алардын чечүү жолдорун раунддан тышкары да талкуулап, сунуштоого умтулабыз.
Бул багытта: билим берүүчү тренингдер; активисттик иш-чаралар; волонтёрдук долбоорлор; жаштар уюмдары менен коллаборациялар өткөрүлөт.
Мунун баары онлайн жана офлайн форматта уюштурулат.
Формат жана Катышуу Шарттары📨 Клубга кабыл алуу сентябрдын башында Google-form аркылуу өтүүчү эки этаптан турат. Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 14 жаштан жогорку бардык каалоочулар катышууга арыз бере алышат.
Аалам дебат клубунун саясаты боюнча башка дебат клубдарынын мүчөсү болууга да уруксат берилет. Айрым шарттар ар бир катышуучу менен жеке талкууланат.
🚀 Кабыл алынган спикерлер чакан топторго бөлүнүп, ошол топтордо лекциялар жана дебаттык раунддар өткөрүлөт. Бир айдын ичинде катышуучулар: аргумент түзүүнүн негиздерин жана резолюцияларды талдоону үйрөнүшөт, ошондой эле өздөрүнүн алгачкы турнирлерине катышат!
❗️ Жаңылыктарга көз салып туруңуздар — клубга кабыл алуу сентябрда ачылат!
Биз дал сени күтөбүз!🫵🩵
Биздин Instagram:
https://www.instagram.com/dc.aalam_ca?igsi=MXRkc3Rya3B3cnYxcA%3D%3D&utm_source=qrБиздин Telegram-каналыбыз:
https://t.me/dcaalamca