TGViewer
Channel ✦ Verified Channel
«Азаттык» радиосу

«Азаттык» радиосу

@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Subscribers
4.01K
Photos
4.4K
Videos
637
Links
8.5K
Recent Posts 20 shown
Post #14394 159
Мектеп рэкетчилиги: эки окуучу ур-токмоктон каза болду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Өспүрүмдү даратканада 11-класстын окуучулары сабап, ошол жерде жан берген деп айтышууда. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну камакка алды. Буга удаа эле Сузакта 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканы белгилүү болду. Жаңы окуу жылы башталары менен мектеп рэкетчилигинен эки окуучунун каза табышы окуучулардын коопсуздугуна байланыштуу кабатырланууларды күчөттү. Агартуу министрлиги бул окуялар боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады. https://www.youtube.com/watch?v=xs2Wdk6QQtY
YouTube Мектеп рэкетчилиги: эки окуучу ур-токмоктон каза болду Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Өспүрүмдү даратканада 11-класстын окуучулары сабап, ошол жерде жан берген деп айтышууда. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну…
Post #14393 199
Эки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026

• Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт?

• Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри Мамданиден үлгү алганын айтты

• Көмүскө схемаларда аты аталган, чуулгандуу ишкер Алексей Ширшов коомчулукка чыкты. https://www.youtube.com/live/09GGkj4P2Fs
YouTube Эки күндө эки окуучунун өмүрү кыйылды | ЖАҢЫЛЫКТАР | 22.09.2026 - Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт? - Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри…
Post #14392 277
‼️Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Алардын билдиришинче, өспүрүмдү дааратканада 11-класстын окуучулары сабап, бала ошол жерде жан берген. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну камакка алды.

Буга удаа эле Сузакта 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканы белгилүү болду. Жаңы окуу жылы башталары менен мектеп рэкетчилигинен эки баланын каза табышы окуучулардын коопсуздугуна кабатырланууну күчөттү.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы "Колуна темир кийип уруптур". Эки күндө мектепте эки өмүр үзүлдү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Алардын билдиришинче, өспүрүмдү дааратканада 11-класстын окуучулары сабап, бала ошол жерде жан берген. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген…
  • 😢 4
  • 😱 1
Post #14391 287
Жогорку Кеңештин комитети президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо боюнча токтом долбоорун жактырды. Шайлоо алдында бийлик атаандаштык үчүн тең шарт түзүлөрүн айтууда. Ошол эле маалда президент талапкер болуп катталса кызматын тапшырышы керекпи деген суроо коюлдууда.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы Шайлоо-2027: Добуш берүү күнүн аныктоо токтому кабыл алынды Жогорку Кеңештин комитети президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо боюнча токтом долбоорун жактырды. Шайлоо алдында бийлик атаандаштык үчүн тең шарт түзүлөрүн айтууда. Ошол эле маалда президент талапкер болуп катталса кызматын тапшырышы керекпи…
  • 😱 2
Post #14390 297
Украиналык дрондордун Москвага жапырт чабуулунан кийин айрым кыргызстандык мигранттар мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына келбей турууну эскертүүдө. Орусиянын миграциялык катаал саясатына карабай бул өлкөдө иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктар бар. Көпчүлүгү Москвада эмгектенет.

Орусия Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш ачкандан бери мигранттар түрдүү тоскоолдуктарга кабылууда. Бирок ошого карабастан миграциянын агымы токтогон жок.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы "Жашоо кооптуу болуп калды". Москвага жапырт соккулар мигранттарды бушайманга салды Украиналык дрондордун Москвага жапырт чабуулунан кийин айрым кыргызстандык мигранттар мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына келбей турууну эскертүүдө. Орусиянын миграциялык катаал саясатына карабай бул өлкөдө иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктар…
  • 👍 3
Post #14389 335
Шумаров: Алтайдагы төөлөсмүн, Айтматовдон кол тамга алгам

Ногон Шумаров Алтайдын белгилүү этномузыканты, кай өнөрүнүн ээси, театр режиссеру жана актер. Этномузыкант, музыка таануучу Бактыгүл Абди Жетиген андан жетиген жана аркайыкты чертүүнү үйрөнгөн. Алтай арфасы же жадаган үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү байыркы коргондон табылган аркайыкка окшош. Ногон Шумаров “Азаттыктын” студиясына келип, Алтай менен Кыргызстандын байланышы, эпос, музыкалык аспаптардын жана салт-санаанын окшоштуктары тууралуу маек курду. https://www.youtube.com/watch?v=mJIXCrOVbz8&t=596s
YouTube Шумаров: Алтайдагы төөлөсмүн, Айтматовдон кол тамга алгам Ногон Шумаров Алтайдын белгилүү этномузыканты, кай өнөрүнүн ээси, театр режиссеру жана актер. Этномузыкант, музыка таануучу Бактыгүл Абди Жетиген андан жетиген жана аркайыкты чертүүнү үйрөнгөн. Алтай арфасы же жадаган үч жыл мурда Ысык-Көлдөгү байыркы коргондон…
  • 🥰 2
Post #14388 345
Москвага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | ЖАҢЫЛЫКТАР | 21.09.2026

- Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду.

- Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар жыш жашаган аймакка барды.

- Соодагерге арзан, элге кымбат. Ошто эттин баасына нааразы болгон ондогон соодагер Ош мэриясынын алдына чогулду. https://www.youtube.com/watch?v=RpLefN288BU
YouTube Москвага чабуул мигранттардын үрөйүн учурду | ЖАҢЫЛЫКТАР | 21.09.2026 - Кооптуу коңгурообу? Москвага жасалган Украинанын дрон чабуулу кыргызстандык мигранттардын үрөйүн учурду. - Монголияда моңголдор менен казактардын ортосунда тил, тарых, дин жана салт-санаага байланышкан талаш күчөдү. Өлкө президенти Хүрэлсүх казактар…
Post #14387 357
Чаткалда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун (Д.Р.) өлүмүнө шек саналып кармалган төрт өспүрүм, (К.Н.Ш., М.И.Д., С.Н.И. жана А.Т.А.) 19-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарганын Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя 18-сентябрда болгон. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, каза болгон 15 жаштагы өспүрүм (Д.Р.) Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси – “Ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө Чаткал райондук ички иштер бөлүмү кылмышка шектүү катары 17 жаштагы төрт өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармаган.
Каза болгон бала 9-класстын, ал эми шек саналып кармалган төрт өспүрүм 11-класстын окуучулары.
17-сентябрда эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болуп, 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылкы К.Ж. аттуу өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүүлөр 17-ноябрга чейин камалды. https://www.azattyk.org/a/33860187.html
Азаттык Υналгысы Чаткалда 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шек саналган төрт өспүрүм эки айга камалды Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун (Д.Р.) өлүмүнө шек саналып кармалган төрт өспүрүм, (К.Н.Ш., М.И.Д., С.Н.И. жана А.Т.А.) 19-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Ала-Бука райондук сотунун тергөө судьясы чыгарганын…
  • 🤬 2
Post #14386 392
Азия оюндары: Дастан Каныбек уулу ММА боюнча коло байге алды

Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары биринчи медалын алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Дастан Каныбек уулу таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча коло байге утту.

Ал 60 кг чейинки салмакта алгачкы беттешинде жапониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди 3:0 менен жеңип, жарым финалга жолдомо алган. 21-сентябрда ал өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 0:2 эсебинде утулуп, Азия оюндарынын коло медалын тагынды.

Таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча кыргызстандык дагы бир спортчу Ырыскелди Дүйшеев 71 кг салмакта финалга чыкты.

Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча мелдештер Азия оюндарына быйыл биринчи жолу кошулду.

Ушул күндөрү Жапонияда XX Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу катышууда. Мелдештер 4-октябрга чейин уланат. https://www.azattyk.org/a/33860087.html
Азаттык Υналгысы Азия оюндары: Дастан Каныбек уулу ММА боюнча коло байге алды Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары биринчи медалын алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Дастан Каныбек уулу таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча коло байге утту. Ал 60 кг чейинки салмакта…
  • ❤ 1
Post #14385 484
«Азаттык» радиосу Аскер прокуратурасы ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев кармалганын билдирди Аскер прокуратурасы «Байтик» метеостанциясында мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөнүн аныктады. Курулуш уруксат документтери жок жана суу коргоо аймагында жүргүзүлгөн. Ишке байланыштуу…
❗️Мурдагы министр Бообек Ажикеев эки айга камакка алынды

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 18-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Аскер прокуратурасы мурдагы чиновникти 18-сентябрда кармап, ага “Байтик” метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик багытындагы имараттын мыйзамсыз курулушуна тиешеси бар деген айып койгон.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы Мурдагы министр Бообек Ажикеев эки айга камакка алынды Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 18-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Аскер прокуратурасы мурдагы чиновникти…
  • ❤ 2
  • 😁 2
Post #14384 441
‼️Чаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болду. Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 18-сентябрда болгон. Бул күнү 2011-жылы туулган өспүрүм Чаткал районунун Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөөдө Чаткал райондук милициясы кылмышка шектүү катары 17 жаштагы үч өспүрүмдү (И.М., Н.С., Н.К., Т.А.) кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Маалыматка караганда, каза болгон бала 9-класстын, ал эми шек саналып кармалган үч өспүрүм 11-класстын окуучулары болгон.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы Чаткалда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болду Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болду. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя 18-сентябрда болгон. Бул күнү 2011-жылы туулган (Д.Р.) өспүрүм Чаткал районунун…
  • ❤ 1
  • 🤬 1
Post #14383 445
Кыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын “кара тизмесин” түзөт

Кыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын бирдиктүү “кара тизмесин” түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри, президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков The Times of Central Asia басылмасына берген маегинде айтты.

Ал Кыргызстанда санкцияларды айланып өтүүгө тиешеси бар компаниялардын ишин тез арада токтотуу менен иш алып барган жумушчу топтор түзүлгөнүн жана коммерциялык банктар менен да жумуш жүрүп жатканын билдирди.

“Банктар санкцияга кабылган субъекттердин “кара тизмесин” иштеп чыгууда. Ошондуктан алар келечекте банктардын кызматын пайдалана алышпайт”,

- деди ал.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы Кыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын “кара тизмесин” түзөт Кыргызстанда банктар санкцияга кабылган компаниялардын бирдиктүү “кара тизмесин” түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри, президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков The Times…
Post #14382 452
Аскер прокуратурасы ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев кармалганын билдирди

Аскер прокуратурасы «Байтик» метеостанциясында мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөнүн аныктады. Курулуш уруксат документтери жок жана суу коргоо аймагында жүргүзүлгөн.
Ишке байланыштуу ӨКМни мурда жетектеген Бообек Ажикеев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы Аскер прокуратурасы ӨКМдин мурдагы башчысы Бообек Ажикеев кармалганын билдирди Аскер прокуратурасы жүргүзгөн тергөөнүн жүрүшүндө «Байтик» метеостанциясынын аймагындагы кызматтык-тиричилик багытындагы имаратты курууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары бир катар мыйзам бузууга барганын аныктады. Бул тууралуу 18-сентябрда…
  • 👏 2
Post #14381 489
Президент окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 7 млрд сом бөлдү

Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал каражат маселеси чечилгенин, эми бул тармакка жооптуу жетекчилер аз убакыттын ичинде жыйынтык көрсөтүшү керектигин, эгер мамлекеттик “Учкун” ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкө ичиндеги талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл экенин кошумчалады.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы Президент окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 7 млрд сом бөлдү Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал каражат маселеси чечилгенин, эми бул тармакка…
  • ❤ 1
Post #14380 487
Бишкектин Ленин райондук сотунда 18-сентябрда Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) иши боюнча отурум уланды. Түшкө чейин төрт күбө суралды, күндүн экинчи жарымына пландалган отурум болбой турганы жарыяланды. Буга прокурордун башка да сот процесси бардыгы себеп экени айтылды.

Кийинки отурум 25-сентябрга белгиленди.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы Тилекмат Кудайберген уулунун иши: Сотто күбөлөр суралууда Күбөлөрдү суроо уланууда Бишкектин Ленин райондук сотунда 18-сентябрда Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) иши боюнча отурум уланды. "Азаттык" менен учкай маегинде ал абалы канааттандырарлык экенин айтып, сотто күбө катары бир топ саясатчы суралып жатканы…
Post #14379 577
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмне курулууда? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 17.09.2026

• Кыргызстанда мектептерге жетпей, базарда сатылып жаткан китептер боюнча чуу дале уланууда. Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы эмне дейт?

• АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактан бошоду. Бул үчүн Вашингтон эки ишкананы санкциялык тизмеден чыгарды.

• Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык болгон үйдүн короосунда курулуш иштери жүрүүдө. башталганы белгилүү болду. Ал жерге эмне түшөт? https://www.youtube.com/watch?v=dY1cHG5MELQ
YouTube Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эмне курулууда? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 17.09.2026 Кыргызстанда мектептерге жетпей, базарда сатылып жаткан китептер боюнча чуу дале уланууда. Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы эмне дейт? АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактан бошоду. Бул үчүн Вашингтон эки ишкананы санкциялык…
Post #14378 514
“Учкун” китепти басып чыгарарын, бирок андан ары көзөмөл кылбай турганын билдирди

“Учкундун” аппарат жетекчиси Бек Иманалиевдин сөзүнө караганда, басмакана ушул тапта 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системасы үчүн китептерди басып чыгарып жатат жана Агартуу министрлиги буюртма берүүчү болуп эсептелет. Ал “Учкун” өзүнө жүктөлгөн ишти өз убагында жана китептерди сапаттуу чыгарып жатканын айтып, базарларда сатылып жаткан китептер тууралуу комментарий берди.

“Китептердин автору катары мамлекеттин атынан Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү болуп эсептелет. Кыргызстанда мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда менчик мектептер бар. Биз министрлик менен алдын ала макулдашуунун негизинде жеке мектептерге да буюртма менен китеп басып беребиз. Китеп биздин автордук укук менен гана чыгат. Менчик мектептер окуучуларынын саны, мүмкүнчүлүгүнө жараша китеп алышат. Азыр “китептер айрым базарларда сатылып жатат” деп атабыз. Биз (ред: “Учкун”) буюртманы гана аткарып жатабыз. Андан ары көзөмөл кылбайбыз. Акты менен өткөрүп бергенден кийин андан ары кандай иштетилет биз жооп бербейбиз”,

- деди ал.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы “Учкун” китепти басып чыгарарын, бирок андан ары көзөмөл кылбай турганын билдирди “Учкун” ачык акционердик коому 17-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, мектептерде китептердин жетишсиздиги жана айрым китептердин базарларда сатылып жатышы боюнча түшүндүрмө берди “Учкундун” аппарат жетекчиси Бек Иманалиевдин сөзүнө караганда,…
  • 😱 2
Post #14377 477
Эсеп палатасы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармоо боюнча өкмөт бөлгөн каражат натыйжасыз пайдаланылганын жарыялады. Аталган орган бул максатта "Альфа Ойл" компаниясына берилген 25 миллион доллар насыя максатсыз болгон деген жыйынтыкка келген.

Буга чейин өкмөт өлкөдө кара майдын баасын туруктуу кармоо үчүн субсидия берилип жатканын жарыялаган эле.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы "25 млн доллар максатсыз сарпталган". "Альфа Ойл" алган насыя, Эсеп палатасынын билдирүүсү Эсеп палатасы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармоо боюнча өкмөт бөлгөн каражат натыйжасыз пайдаланылганын жарыялады. Аталган орган бул максатта "Альфа Ойл" компаниясына берилген 25 миллион доллар насыя максатсыз болгон деген жыйынтыкка келген.
  • 😁 3
Post #14376 510
Аялым, кызым, 3 келиним Иракта түмөдө» Кыргыз бийлигинен жардам сураган карыя | ЖАҢЫЛЫКТАР | 16.09.2026

- Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды.

- Мамлекет баскан окуу китептер эмнеге базарда сатылууда? Окуу башталганы мектептердеги китеп көйгөйү кайрадан күн тартибине чыкты.

- Иракта камалган аялдардын жакындары бийликке кайрылып, президенттин кабыл алуусун суранууда. Ирактын түрмөлөрүндө жаткандар 2013-2017-жылдары радикал топторго азгырылгандар. https://youtube.com/live/1iUSnV4hh74
YouTube «Балдарым, аялым Иракта абакта». Кыргыз бийлигинен жардам сураган карыя | ЖАҢЫЛЫКТАР | 16.09.2026 - Түштүк Корея Борбор Азиянын табигый минералдарын иштетүүгө кызыкса, чөлкөмдүн өлкөлөрү жогорку технологиялык өндүрүштү, виза, миграция маселесин жолго салууну сунуш кылды. - Мамлекет баскан окуу китептер эмнеге базарда сатылууда? Окуу башталганы мектептердеги…
  • 😁 2
Post #14375 488
16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты.

"Сеул декларациясында" Түштүк Корея менен Борбор Азиянын өнөктөштүгүн институтташтыруу, тынчтык жана туруктуулук жаатында кызматташуу, инновация жана экономикалык өнүгүү, байланышты жана ишенимди күчөтүү белгиленген.

2007-жылы "Корея - Борбор Азия кызматташтык форуму" катары башталып, буга чейин негизинен министрлер чогулган формат президенттердин деңгээлине көтөрүлдү.

@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы Түштүк Корея -Борбор Азия: табигый заттар, атом энергетикасы, миграция жана хайтек өндүрүш 16-сентябрда Сеулда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён менен кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктаган «Сеул декларациясын» кабыл алышты.
  • 👍 2
Older posts →

About this channel

How can I read @azattyk_radiosu without a Telegram account?
TGViewer shows the public web preview Telegram publishes for «Азаттык» радиосу: recent posts, photos, videos and the subscriber count, with no app, login or account.
How many subscribers does «Азаттык» радиосу have?
«Азаттык» радиосу (@azattyk_radiosu) has 4.01K subscribers on Telegram, refreshed roughly every 30 minutes.
Does «Азаттык» радиосу know I viewed it here?
No. Public channel previews carry no viewer identity, and TGViewer has no accounts or tracking of what you look up.
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →