✔️Бүгүн, 17-сентябрда Биринчи май райондук сотунда массалык баш аламандыктарды уюштуруу иши боюнча сот процесси жылдырылды. Ага «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрү, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев катышууда.
Айыпталуучуларды күзөт бөлмөсүнөн алып чыга баштаганда, Кадырбек Атамбаев жерге кат ыргытканын айтты. Ал эми каттарды сот приставдары алып коюшту. Атамбаев соттук отурумга катышуудан баш тартты.
✔️Ошондой эле сот жыйынына катышуудан Темирлан Султанбеков да баш тартты. Жактоочу Сергей Слесаревдун айтымында, Султанбеков аны кишенсиз алып чыгууну суранган, бирок ага уруксат берилген эмес. Буга байланыштуу ал күзөт бөлмөсүнөн чыкпай койгон.
«Судья Атамбаевди залдан чыгарып, процессти 22-сентябрга жылдырды»
, - деди жактоочу.