TGViewer
Channel Public Channel
ПолитКлиника медиа

ПолитКлиника медиа

@politklinika

ПолитКлиника - такталган гана маалыматтар!
Subscribers
608
Photos
4K
Videos
3.2K
Links
1.2K
Recent Posts 18 shown
Post #8925 28
Европада жаштардын нааразычылыгы күч алууда. Алардын нараазычылыгы эмнеде? Жаш муун эмнени талап кылууда? Видеодон толук көрүңүз.👉
Post #8924 39
#Фактчекинг: ‼️Талапкерлер үчүн тил сынагы башка өлкөлөрдө кандай?

Президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген саясатчылар Сыймык Жапыкеев менен Өмүрбек Суваналиев мамлекеттик тил боюнча сынактан өтпөй калышканы белгилүү болду. Бул окуядан кийин айрым интернет колдонуучулары мамлекеттик тил саясий инструментке айланбашы керектигин айтып, муну «ыңгайсыз» талапкерлерди жарыштан сүрүп чыгаруу аракети катары баалашууда. Биз коңшу мамлекеттердин мыйзамдарын карап, ал жакта президенттикке талапкерлер тил боюнча сынагын тапшырабы же жокпу, талдап көрдүк. Видеону аягына чейин көрүңүз. 👉
Post #8923 39
📌17-октябрдын аба ырайы

«Кыргызгидромет» билдиргендей, 17-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан жааса, калган жерлерде жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:

Чүйдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;

Баткен, Жалал-Абад, Ошто түнкүсүн +6…+11,
күндүз +20…+25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +14…+19;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18.
Post #8922 40
‼️Автобустун айдоочусу мас абалында болгон

Бишкекте 15-октябрдын кечинде Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде №38 автобустун айдоочусу 7 жеңил унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган.

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы коомдук транспорттун айдоочусу мас болгонун кабарлады.

Кырсык боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүүдө.

Мэрия кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын, жыйынтыгында мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрүн билдирди.
Post #8921 49
‼️Абдибаеванын мандатын алууну талап кылган юрист УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен кол топтогон юрист Адилет Мерканов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берип чыкты.

Юрист 14-октябрда 31 миң 900 адамдан кол чогултулгандан кийин депутаттын мандатын алуу боюнча парламентке арыз берген.

Арыз Жогорку Кеңештин сегиз тармактык комитетине жана беш депутаттык тобуна берилген.

Эске салсак, 29-сентябрда парламенттин Сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонууну карап көрүү сунушун айткан.

Анын билдирүүсү социалдык тармактарда кеңири сынга алынып, аны мандатынан ажыратуу талабы коюлган.

Айсаракан Абдибаева пикири бурмаланганын айтып, комитет жыйынында педофилге же кылмышкерге пробация берип, жазасын жеңилдетүү жөнүндө сөз болбогонун билдирген.
Post #8919 44
‼️Бишкекте психотроптук заттарды сатуу боюнча фармацевт кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет тарабынан Кыргызстанга тыюу салынган психотроптук заттарды мыйзамсыз алып келүү боюнча ири каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, психотроптук заттарды камтыган таблеткаларды сатуу учурунда жеткирүүчү, фармацевт жана ири каналдын уюштуруучусу кылмыш үстүндө кармалды.

Аталган таблеткалар «Лирика» («Magnus PREGALAX 300») жана эл арасында «Тропикамид» деген аталыштар менен белгилүү.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Post #8918 53
‼️Кыргызстандын Кытайдагы элчиси алмашты

Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматынан бошотулду. Ал бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген.

47 жаштагы Айзада Субакожоева 2025-жылы сентябрда президенттин алдындагы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

БГУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн, кийин Кытайдагы Пекин университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.

Тышкы иштер министрлигинде, Кытайдагы элчиликте жана президенттин аппаратында иштеген.

2018–2021-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Кыргызстандан орун басары — Маалымат жана талдоо департаментинин директору кызматын аркалаган.

2022-жылы ТИМдин экинчи саясий департаментинин директору болгон.

Кытай жана англис тилдерин билет.
Post #8917 60
📌16-октябрдын аба ырайы

«Кыргызгидромет» билдиргендей, 16-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:

Чүйдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Баткен, Жалал-Абад, Ошто түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +5…+7, күндүз +17…+19.
Post #8916 55
‼️Стамбулдагы сел эки адамдын өмүрүн алды

Түркиянын Стамбул шаарында 14-октябрдын кечинде катуу жааган жаандан улам турак үйлөрдү жана имараттарды сел суулары каптады.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, бул 1985-жылдан берки эң күчтүү жаан-чачындын бири болду.

Стамбулдун Азия тарабында жайгашкан Бейкоз районунда көчөлөрдү суу каптап, калктын күнүмдүк жашоосуна олуттуу тоскоолдуктар жаралды.

Аязага (Сарыер) конушунда 34 жаштагы С.Y. имараттын алдынан жолдон өтүүгө аракет кылган. Ал суу агымынын арасынан өтүп баратканда тайгаланып кетип, башын тротуардын четине (бордюрга) уруп алган. Ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.

Фатих районунун Балат кварталында жайгашкан Чукурбостан паркында 14 жаштагы өспүрүм суу топтолгон жерди басып алып, токко урунду.

Ал ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Дарыгерлердин аракеттерине карабастан, бала каза болду.

Бул фактылар боюнча териштирүү башталды.
Post #8914 47
‼️Президент Жапаров Бакуга барды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-октябрда Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Бакуга барды.

Жапаровду аэропорттон Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

Делегациялардын башчылары форумга катышат.
Post #8913 63
‼️Орусиялык рэпер Navai кыргыз-казак чек арасында маңзат менен кармалды

Орусиялык рэпер Navai (Наваи Бакиров) Кыргызстандан Казакстанга кирип баратканда баңгизат менен кармалганы кабарланды. Окуя 13-октябрда "Кордай" чек ара пунктунда болгон.

Казакстандын Жамбыл облустук полиция департаментинин маалыматы боюнча, артисттин унаасын текшерүү учурунда баңгизат табылган.

Кылмыш иши козголуп, артист убактылуу кармоочу жайга киргизилди жана сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Ырчынын унаасынан 2,5 грамм марихуана табылган. Унааны рэпер өзү айдап бара жаткан. Музыкант менен бирге дагы эки адам болгон, үчөө тең кармалган.

Камоо тууралуу кабарлардан кийин Navaiнин 14-октябрга Астанада пландалган концерти "белгисиз мөөнөткө" жылдырылганы айтылды.

Рэпер ага чейин Бишкекте “Жаштык Аренада” концерт койгон.
Post #8912 59
‼️"Кнопка басуу адаты". Жогорку Кеңеште кызык окуя болду
Post #8911 60
‼️Орусиядагы реестр маселеси: 3 айлык ымыркайда эмне күнөө?

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Орусиядагы кыргызстандыктардын маселесин көтөрдү.

Ал "кара тизмеге" үч айлык ымыркай, бир жаштагы балдар да кирип калып жатканын, бул маселени чечүү керектигин айтты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын маалыматына караганда, учурда 341 миң кыргызстандык консулдук каттоодо турат. Акыйкатчы эгер укугу бузулуп, кайрылгандар болсо жардам берилерине ишендирди.

Депутат Акыйкатчы Орусияга барганда бул маселени кабыргасынан коюп, жыйынтык менен келүүсүн талап кылды.
Post #8910 63
‼️Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов акталганын билдирди

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Шайлообек Атазовду "массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган” деген негизде козголгон кылмыш иши боюнча актады.

Депутаттын маалыматына караганда, сот мурдагы анын аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан.

Шайлообек Атазов жана бир катар саясатчы 2025-жылдын ноябрь айында массалык башаламандык даярдоого шектелип кармалган.

Быйыл 26-январда абактан бошотулган.
Post #8909 60
14-октябрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн баяндаган “Айтматов” тасмасынын жабык көрсөтүүсү болду.
Тасманын режиссеру Каныбек Калматов, ал эми башкы ролдордо Болот Тентимишов, Арина Исакова, Мээрим Атантаева жана Абылай Марат уулу.
Тасма 15-октябрдан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт. Жабык көрсөтүүдөн толугураак видеодо баяндалат. 👉
Post #8908 62
‼️ Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен ЖКга арыз тапшырылды

Юрист Адилет Мерканов Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен Жогорку Кеңешке арыз берди.

Ал 31 миң 900 адамдан чогултулган кол чогултулгандан кийин парламентке арыз берген.

Арыз Жогорку Кеңештин сегиз тармактык комитетине жана беш депутаттык тобуна берилди.

Эске салсак, 29-сентябрда парламенттин Сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонууну карап көрүү сунушун айткан.

Анын билдирүүсү социалдык тармактарда кеңири сынга алынып, аны мандатынан ажыратуу талабы коюлган.

Айсаракан Абдибаева пикири бурмаланганын айтып, комитет жыйынында педофилге же кылмышкерге пробация берип, жазасын жеңилдетүү жөнүндө сөз болбогонун билдирген.

Өзүнүн мандатынан ажыратуу талабын кимдер койгонун аныктоо боюнча Улуттук коопсуздук комитетине кайрылган.
  • ❤ 1
Post #8907 58
📌 15-октябрдын аба ырайы

«Кыргызгидромет» билдиргендей, 15-октябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Ош, Нарын облустарында жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көлдө 15-20 метрге чейин жетет.

АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:

Чүйдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;

Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Баткен, Жалал-Абад, Ошто түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +7…+9, күндүз +19…+21.
Post #8906 63
‼️"Өзүңүздү Ташиев сезип алгансызбы?". Депутат менен мэрдин орун басары айтыша кетти

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев айтыша кетти.

Депутат мэрдин орун басарлары камалып кетип жатканын, бирок Рамиз Алиевдин ишмердүүлүгү текшерилбей келерин айтты.

Депутат сөзүнүн башында азыркы шаар башчылыгы бийликке келгенден бери ижарага берилген мүлктөрдүн тизмеси, алар үчүн төлөнгөн ижара акысы жана шаар бюджетинин кирешелери тууралуу маалымат алуу чектелип калганын белгилеген.

Алиев маалыматты расмий кайрылуу менен алууга болорун, мыйзам бузуу фактылары болсо, мэрия жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле "Кудайберген" базары боюнча маалымат керек болсо, өзүнчө берүүнү сунуштады.

Буга нааразы болгон Сурабалдиева вице-мэрди жекеликке өтпөөгө чакырып, өзүн “Ташиев сезип” калганын айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы да мэрдин орун басарына эскертүү берип, депутаттарга комментарий бербөөгө чакырды.
Older posts →

About this channel

How can I read @politklinika without a Telegram account?
TGViewer shows the public web preview Telegram publishes for ПолитКлиника медиа: recent posts, photos, videos and the subscriber count, with no app, login or account.
How many subscribers does ПолитКлиника медиа have?
ПолитКлиника медиа (@politklinika) has 608 subscribers on Telegram, refreshed roughly every 30 minutes.
Does ПолитКлиника медиа know I viewed it here?
No. Public channel previews carry no viewer identity, and TGViewer has no accounts or tracking of what you look up.
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →