TGViewer
Channel Public Channel
Nurbol Chorobaev

Nurbol Chorobaev

@nurbol_chorobaev

Bolt компаниясында программист инженер.
Бул каналда:
- жеке тажрыйба/ойлор
- жасалма интеллект
- программалоо
- жумушка орношууга даярдануу (DSA, System Design, Behavioural, etc.)
- tech дүйнөсү жөнүндө
бөлүшөм
Subscribers
188
Photos
26
Videos
1
Links
11
Recent Posts 11 shown
Post #50 375
Айтыңыздар маарек болсун! Кармаган орозолор, кылган ибаадаттар, дуалар кабыл болуп, кийинки орозого баарыбызды аман-эсен, ыйманда жеткирен болсун 🤲
  • ❤ 19
Post #49 498
За прошедшие пять с половиной месяцев количество решенных задач на LeetCode увеличилось с 500 до 600. За этот период было успешно решено 27 легких, 52 средних и 21 сложная задача.

Значительная часть этих задач взята из LeetCode Quest, который я прохожу в спокойном темпе, освежая свои знания по различным темам. Это весьма эффективный и структурированный план обучения с элементами геймификации для тех, кто стремится освоить алгоритмы.

Посмотрим, когда перевалим отметку 700 😀
  • 🔥 15
  • ❤ 7
Post #39 488
Бүгүн Эстонияда орозонун биринчи күнү деп белгиленип, ооз бекиттик. Бул менин Таллиннде тосуп жаткан төртүнчү орозом экен. Мен үчүн, акылга көп салып, логикага байма бай таянган адам катары, бул ыйык ай - ыйманды бекемдеп жана жашоомдо жүрөктүн оордун жогорулатып, жан дүйнөнү акылдын диктатурасынан алыстатып, сактап турган Жараткандын мүмкүнчүлүгү.

Төмөндөгү кыскача карталарды кимдир бирөөгө пайдалуу болобу деген ойдо бөлүшүүнү туура көрдүм.

Кирип келген ыйык Рамазан айыбыз берекелүү болсун!
  • ❤ 19
  • 💘 3
  • ⚡ 2
Post #38 418
Жаңы командага өткөндөн бери жасалма интеллект (ЖИ) менен байма-бай иштей баштадым. Күнүгө жумуштан үйгө кетип жатып, ЖИге узагыраак тапшырма берип кетүүгө аракет кылам. Жумуш учурунда бир эле убакта 2-3 агентке чейин параллелдүү иштетип жатам. Мурда бир эле git-репозиторийде иштесем, азыркы командамда төртөөндө иштегендиктен, көпчүлүк учурда бир эле өзгөртүүнү баарына киргизүүгө туура келет. Ал эми мындай кайталанма тапшырмалар ЖИ агенттери үчүн жаралган го)

​Азыркы учурда негизги куралым - Cursor. Бул VS Code’дун негизинде курулган, атайын ЖИ агенттери үчүн ылайыкташкан код редактору. Агенттердин ичинен OpenAI’дын gpt-5.2-codex-xhigh моделин көп колдонуудамын. Бул модель Anthropic’тин моделдеринен код жазуу жагынан бир аз артта болгону менен, бир топ арзан жана менин муктаждыктарыма идеалдуу келет экен. Мисалы, долбоорлор боюнча бир нерсени билгим келсе, кодду өзүм карап отурбай, түз эле ЖИден сурап жооп алганы мыкты жарайт. Өзгөртүүлөрдү да ал менен бирге пландап, ишке ашырам.

​Кыскача айтканда, азыркы иштөө тартибим (setup) мындай: төрт негизги долбоорду жана кошумча backend, iOS долбоорлорун бир папкага салып, Cursor аркылуу ачып алам. Анын ичинде репозиторийлерден тышкары, ЖИ агенттер колдонуусу үчүн ар бир долбоордун түшүндүрмөсү жана эрежелери бар. Мисалы: "driver-android - бул такси айдоочулар үчүн тиркеме", "rider-android - бул кардарлар үчүн тиркеме", "backend менен iOS - булар кошумча маалымат үчүн гана, аларды өзгөртүүгө болбойт" деген сыяктуу. Андан тышкары, PR/MR жана Jira үчүн шаблондор бар. Булар агенттерге MCP-серверлердин жардамы менен GitHub’ка pull request, ал эми Jira’га тапшырма (task) түзүү үчүн.

​Ушинтип чат менен эле жазышып отуруп калдык) Мындай жол менен иштөө мага жагып жатабы? Жок. ЖИ экономикалык жактан ийгиликтүү болобу же жокпу, билбейм. Бирок прогресс артка кайтпасы анык. Заман менен эриш аркак кетпесек болбойт!

Учурда кийинки жасап көргүм келген нерсе - жеке ЖИ агенттеринен турган команда түзүү. Өзүмдүн ноутбугумдан аларды ишке салып коюп, керек учурда телефон аркылуу эле багыт берип турууну пландап жатам. Азырынча муну канчалык деңгээлде ишке ашыра аларымды билбейм. Көрөбүз)

PS: Setup жөнүндө өтө кыскача жаздым. Айтылбай калган көп нерсе бар. Кызык болсо тагыраак жазганы аракет кылайын. Биорк, качан кол тиет билбейм)
  • 🔥 11
  • ❤ 7
  • 👍 2
Post #37 509
Бүгүн Slack-ти ачсам, "иштеп баштаганыңа 3 жыл болду" - дейт. Билинбей Bolt-то иштеп жатканыма 3 жыл болуп калыптыр. Bolt - такси жана тамак жеткирүү кызматтарын көрсөткөн компания эмеспи. 3 жылга жакын Bolt Driver (айдоочулар үчүн мобилдик тиркеме) командасында иштеп, көптөгөн иштерди бүтүрүптүрмүн. Мисалы: айдоочулар үчүн виртуалдык бирдик системасын киргизүү мене тиркемени оюндаштыруу (gamification), үн коштоосу менен навигация, терминал аркылуу төлөмдөрдү туташтыруу сыяктуу жана башка толтура фичалар.

​Ал эми бул жылдан баштап Mobile Platform деген жаңы командада иштей баштадым. Эми менин негизги жоопкерчилигим - башка Android-инженерлердин жашоосун жаңы куралдар жана чечимдер менен жеңилдетүү, программалоодогу көйгөйлөрүн чечип берүү. Учурда тиркемелердин иштөө эффективдүүлүгүн көзөмөлдөп туруучу системаны айдоочулар менен кардарлардын колдонмосуна кошуу менен алекмин. Жакынкы келечектеги кызыктуу пландардын бири - долбоорлорду (projects) азыркы тренд болуп жаткан жасалма интеллектке ылайыкташтыруу.

​Чоң компаниялардын жакшы жагы - бир долбоордон тажап баратсаң, жумуш ордун которбой эле башка долбоорго өтүп кетсе болот. Bolt-тун ичинде эле толтура орун которуулар, башка командадан адамдарды кызыктырып, өзүнө тартып алмайлар болуп турат. Кыскасы, интригалар! 😁

​Эми эмне дейбиз?
Коддор жазыла берсин,
Багдар табыла берсин.
Прод кулабай,
Акчалар чөнтөккө агыла берсин! 🤲
  • 🔥 24
  • ❤ 5
  • 👍 3
  • ⚡ 1
Post #36 424
Кечээ күнү аскерлерге барып, дрондор боюнча сабак өтүп, учуруп мастер-класс көрсөтүп келдим. Чакырышканда "мен эмнени билмек элем" деп өзүмө ишенбей жаткам. Бирок, билинбегени менен көп нерсе билип калыптырмын. Алардын кызыгуу менен угуп, учуу көргөзмөсүнө катышып жана суроо берип жатканы мага кадимкидей шык берди.

​Бул каналды ачып жатып дагы: "Эмнени бөлүшмөк элем?" — деп ойлой берчүмүн. Көрсө, өзүбүзгө билинбегени менен билгенибиз, басып өткөн жолубуз, тажрыйбабыз башкаларга, өзгөчө ошол жолду жаңы баштап жаткандарга пайдалуу болот тура. Кичинекей билим болсо да муктаж болгон адамга жетсе, чоң натыйжа бериши мүмкүн экен.

Кызыктуу факт: Дрон сөзү эркек бал аарынын (drone) англисче аталышынан келип чыккан 🐝
  • 🔥 14
  • ❤ 7
  • 👍 2
Post #35 607
Следующий пост должен был завершить серию про алгоритмы, но в связи с моей поездкой в Кыргызстан я не успеваю его закончить. Для него требуются примеры в Google Docs, которые мне нужно подготовить.

​Пока же хочу поделиться статьёй от The Tech, где я рассказал о своём опыте прохождения собеседований в Bolt (где я сейчас работаю), о релокации и жизни в Эстонии. Там есть часть о важности LinkedIn, о которой я раньше, возможно, не рассказывал. Надеюсь, вам будет полезно.

​PS: Недавно мне написали из xAI (компании Илона Маска), тоже благодаря LinkedIn. Наверное, ищут мобильного разработчика на приложение Grok 😅.
  • 🔥 17
  • ❤ 1
Post #34 735
Учурда Таллинде эл аралык кинофестиваль өтүп жатат. Негизи, мындай иш-чараларга анча кызыкчу эмесмин. Бирок фестивалга мекендешибиздин тасмасы катышып жатканын угуп, колдоп коёлу деген ниетте кесиптештерим менен барып келдим. Эстонияда, чоң экрандан кыргызча тасма көрүп маанайым көтөрүлгөнү аз келгенсип, анын режиссёру Аманбек Ажимат байке менен да таанышууга үлгүрдүм.

​Учурдан пайдаланып, ал кишини бүгүн сыйга чакырып, үч жарым сааттай кенен баарлаштык. Чынын айтсам, чыгармачыл адамдардын дүйнөсү башкача экенине дагы бир жолу ынандым. Көптөн бери эне тилибизде мындай терең маек кура элек болчумун. Аманбек байке кыргыз коомчулугунун көйгөйлөрүн ичинен билген, көрөгөч инсан экен.

​Өлкөбүздөгү маселелерди талкуулап отуруп, зомбулуктун күчөгөнүнө өзгөчө токтолдук. Маселени талдай келгенде, баары бир баягы тарбия, билим берүүгө такалат экен. Чындыгында, көп балээнин башаты - бөксө тарбия жана билимсиздикте. Аялдарга кордук көрсөткөн зөөкүрлөр - көбүнчө бир кезде атасы ичип келип зомбулук кылган үйдөн же ата-энеси миграцияга кетип, мээрим көрбөй «тирүүлөй жетим» чоңойгон балдардан чыгууда.

​Биз зомбулукту нормалдаштырып алганбыз, эң өкүнүчтүүсү — мындан 20-30 жыл мурда кеткен кемчиликтердин жемишин азыр жеп жатабыз. Келерки жарым кылымда абалды оңдоо үчүн азыр билим, тарбия жана ыйманга өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Бүгүнкү абал үчүн улуу муунду күнөөлөп кутулушубуз мүмкүн, бирок келечектин жоопкерчилиги биздин моюнубузда экенине экөөбүз тең макул болдук.

Төмөндөгү сатиралуу үзүндүдө бай аял атайын кызматка акча төлөп берип баланы сабап жаткан жери. Автордун берейин деген ою - аял киши акчалуу болуп гана зордук көрсөтпөсө демейде зомбулуктун курмандыгы.
  • 👍 6
  • ⚡ 2
  • ❤ 1
Post #33 709
#программалоо #спортпрограммалоо #ai

Бүгүн LeetCode апталык алгоритм сынкка (Weekly Contest) катышып популярдуу жасалма интеллекттер да жарышканын көрүп калдым. Бул сынак ар апта өтүп жалпысынан ар кандай оордуктагы төрт-беш маселени чечиш керек. Оордугуна жараша ар бир толук чечилген маселеге упай берилет. Эгер аягында жалпы упайлар тең болуп калса анда эрте чечкен утат. Негизи бул адамдар үчүн шарттар.

Ал эми AI лар үчүн маселелерди беш башка программалоо тилдеринде чечиш керек экен. Алар JavaScript, Python, Java, C++, Go. Ар бир тилде төрт жолудан аракет кылып көрүп орток упай анан эң жакшы упайына карап орундар бөлүштүрүлүптүр. Булар үчүн убакыт каралбайт экен.

Жыйынтыгында белгилүү AI лардан (LLM) Gemini 2.5 Pro менен GPT-5 биринчи орунда, DeepSeek V3.2 үчүнчү жана Grok 4 беште. Gemini 2.5 Pro бир JS тестти ката чечкен а GPT-5 бир Go тесттен жаңылган.

Негизи, жасалма интеллект алгоритм боюнча жарыштарда адамдан ашканына көп эле болду. Ушинтип ич ара жарышып дагы да жакшырат эми. Жакын арада адамдар үчүн сынактарда баардык белгилүү AI лар бирдей биринчиликти алып башташса керек.

Толук рейтингди ушул шилтемеден көрсөңүздөр болот.
  • 👍 9
  • ❤ 2
  • ⚡ 2
Post #32 622
Алгоритмы и я 🤓 2
#программирование #алгоритмы

Поговорив с желающими подаваться в международные IT-компании, я понял, что у них возникают сложности с изучением алгоритмов. Рассказав нескольким людям о том, как я их изучал и решал, я понял, что может быть довольно полезно, если я напишу об этом.

​Главное - это относиться к этому как к марафону, а не к спринту. Систематичные занятия в течение долгого времени, даже если в медленном темпе, лучше, чем интенсивные занятия на порыве мотивации с последующим "выгоранием". Главное - выработать привычку. Я отношусь к этому как к физическим тренировкам. Конечно, круто, если заниматься круглый год, но сезонные занятия тоже приносят результат. Даже помогает прогрессировать эффективнее если не отдыхать слишком долго. Подробнее о ежедневной рутине и совмещении с работой я писал выше.

​Для изучения советую платформу NeetCode.io. Тут темы разделены как дерева - от фундаментальных к более комплексным. Любую задачу можно найти и в LeetCode, поискав её по названию. Мне было удобнее решать там, а NeetCode я использовал как план обучения. В прошлом году я почти закончил план, а в этом решил все темы, кроме Bit Manipulations. Процесс выглядел следующим образом.

​Я составлял расписание на неделю разделяя задачи с NeetCode по дням и следовал ему. Перед тем как приступитьк новой теме, я уделял время на изучение основ, используя любые удобные ресурсы. ИИ может тут очень помочь. Потом я решал все задачи. Помните: нужно относиться к этому как к тренировкам. Каждая тренировка длилась около 1 часа (можно до 2, если есть время). Не стоит уделять больше 40-50 минут на самостоятельное решение задачи. Вне зависимости от того, решил я её самостоятельно или нет, я смотрел ответы в NeetCode. Часто там я находил решение эффективнее, чем у меня. А если не смог решить за отведённое время, просто разбирал решение. Видеообъяснения там очень полезны, если не получается понять. Таким образом, 1–1.5 часа в день вполне достаточно. Если каждый день не получается, можно заниматься 2–3 раза в неделю. Мы же играем в долгую 😉

Как вам подход?
  • 🔥 10
  • ❤ 5
Post #31 456
Revolut копаниясынын мобилдик инженерге интервью процесси
#карьера #программалоо #интервью

Интервью өтүү жанан жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөр туралуу теманы улай.

Ушул жайда Revolut деген финансылык компанияга интервю өтүп көрдүм. Revolut - дүйнөлүк электрондук капчык катары башталып, азыр толук банк катары эсептелет. Жөнөкөй банктардан айрымаланып фронт-офистери жок жана көптөгөн өлкөлөрдө иштейт.

Алгач LinkedIn ден кат аларым менен кызыктар экенимди билдирдим. Көп өтпөй HackerRank тан үй тапшырма алдым - орто оор (leetcode medium) алгоритм маселе жана чакан тест. Тапшырманы ийгиликтүү тапшырган соң Recruiter менен баарлаштык. Жолугушууда интервю процессин түшүнүп, компания жана жумуш тууралуу суроолорума жооп алдым. Бул баскычта мен үчүн карап жаткан жумшта өзүмдү элесте аламбы жокпу үстүртөн түшүнүү маанилүү. Ошого көп эле суроо бердим. Ал эми толук сүрөт аягында команда менен болгон жолугушууда көрүнөт.

Андан соң биринчи код жазуу (live coding) бөлүгү болду. Жалпылап айтканда даяр программанын коду берилген. Бир саат ичинде аны толуктап, бар каталарды оңдоп, тест жазыш керек болду. Баарын аткарып үлгүрдүм. Бир аз интервьювер менен баарлашканы да убакыт калды. Жыйынтыгында этапты менин оюмча жакшы өттүм.

Кийинки этап бир сааттай ситема түзүү (system design) болду. Бул жолу кадимки мобилдик ситема түзүүдөн айрымаланып бэкендди да түзүүнү талап кылышты. Бактыга жараша азыркы жумушумда бэкенд тажырыйбам да болгондуктан оор болгон жок. Бирок, башында мобилдик жагына тереңирээк токтолуп коюп, сервердеги микросервистердин баарын түзүп чыкканы убакыт жетпей калды. Этапты өткөн менен ойдогудай болгон жок. Бул улук даражадан ортого (senior to middle) түшүп калышымдын себеби болду. Тыянак - башында өтө эле үстүртөн ситеманы түзүш керек. Андан соң интервью алып жаткан адамдан сурап, талапка жараша системанын бир бөлүгүнө тереңдеп кириш керек.

Акыркы этап командалар менен жолугушуу болду. Команданын менеджери жана улук инженери катышты. Башында менин тажырыйбам жөнүндө көп сурашты. Алардын максаты - менин жумуш этикам алардын талаптарына жооп береби. Андан соң мен алардан кызыктырган суроолорума жооп алдым. Менин көздөгөнүм - өзүмдү ал командада, долбоордо көрө аламбы. Бир сааттык жолугушуунун жыйынтыгында мен өзүмдүн кызматымды сата алыпмын :) Ал эми ушул жерден баштап жумушка чакыруу алганымды жана чечимимди жогоруда өзүнчө жазгам.
  • ❤ 7
  • 🔥 7
Older posts →

About this channel

How can I read @nurbol_chorobaev without a Telegram account?
TGViewer shows the public web preview Telegram publishes for Nurbol Chorobaev: recent posts, photos, videos and the subscriber count, with no app, login or account.
How many subscribers does Nurbol Chorobaev have?
Nurbol Chorobaev (@nurbol_chorobaev) has 188 subscribers on Telegram, refreshed roughly every 30 minutes.
Does Nurbol Chorobaev know I viewed it here?
No. Public channel previews carry no viewer identity, and TGViewer has no accounts or tracking of what you look up.
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →