Soft skills же ийкемдүү көндүмдөр - бул адамдын жеке сапаттары менен тыгыз байланышта болгон жалпы көндүмдөрдүн жыйындысы. Алар башка адамдар менен натыйжалуу жана гармониялуу өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.
Программалоодо долбоорду ишке ашырууда сиз көбүнчө тайпа менен иштейсиз. Ошондуктан программист үчүн өздүк сыпаттар өтө маанилүү. Негизи эле тайпа ичинде коммуникация кандай болушу керектиги жөнүндө Эльза Мамбетакунова ушул видеодо баяндап бермекчи.
Ал ManchoDevs компаниясында Team lead (тайпа башкармасы) болуп иштейт. Эльза Мамбетакунованын баяндамасынан: - коюлган маселелерди майда бөлүктөргө бөлүү - жеке жоопкерчилик vs тайпанын жоопкерчилиги - суроо берүү боюнча ойлор - стажёрго коюлган талаптар кандай болорун жана башка кызыктуу кейстер жөнүндө уга аласыз.
Видео толугу менен биздин YouTube каналыбызда, конференциянын фото-отчёту биздин Flickr аккаунтта.
Post #68
408


- 👍 4
- ❤ 3
- 🔥 3