Эми мечитке кайрымдуулук кылуу мурдагыдан да оңой болду!
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен кайрымдуулукту ачык-айкын жүргүзүү максатында, өлкөбүздүн мечиттеринде QR-код аркылуу электрондук кайрымдуулук системасы ишке киргизилди. Бул долбоор Finik төлөм системасы тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (Муфтият) жана Мамлекеттик дин иштери комитетинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
QR-кодду сканерлеп, сумманы тандап, садака, зекет же фитир-садакаңызды телефонуңуз аркылуу тез жана оңой жөнөтүңүз. Каалаган мобилдик банкинг же электрондук капчык аркылуу төлөсөңүз болот. Баардык которуулар коопсуз, ачык-айкын жана түздөн-түз мечиттин расмий эсебине түшөт.
Finik командасы мечит өкүлдөрүн кайрымдуулуктарды кабыл алуу жана аларды башкаруу боюнча атайын платформада иштөөгө үйрөттү.
(Перевод на русский язык будет в комментариях)
Post #497
321