Директор Республиканского центра судебно-медицинской экспертизы Суйун Касымов рассказал Reporter.kg, что сотрудница, которую блогер Али Эргешев требовал говорить на кыргызском языке, работает врачом-гистологом. Она исследует биологические материалы и готовит заключения, не контактируя с потерпевшими и обвиняемыми. По словам Касымова, сотрудники центра являются медицинскими специалистами, а не госслужащими.
8 октября в учреждение пришли трое неизвестных и потребовали объяснить, какие меры приняли в отношении сотрудницы. «На основании какой нормы закона я должен наказать за знание только русского языка?» — заявил директор. Женщина обратилась в милицию, начата доследственная проверка. Касымов также поднял вопрос об ограничении доступа посторонних на территорию учреждения.
➡️ Подробнее в нашем материале.
➖➖➖
Соттук-медициналык экспертиза борборунун директору тил маселеси боюнча кырдаалга комментарий берди
Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов Reporter.kg басылмасына блогер Али Эргешев кыргызча сүйлөөнү талап кылган кызматкер дарыгер-гистолог болуп иштей турганын билдирди. Ал биологиялык материалдарды изилдеп, эксперттик корутунду даярдайт жана жабырлануучулар же айыпталуучулар менен түз байланышпайт. Касымовдун айтымында, борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер эмес, медицина адистери болуп эсептелет.
8-октябрда мекемеге белгисиз үч адам келип, кызматкерге карата кандай чара көрүлгөнүн сурашкан. «Орус тилин гана билгени үчүн кайсы мыйзамдын негизинде жазалашым керек?» — деген директор. Кызматкер милицияга арыз жазып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Касымов ошондой эле мекеменин аймагына бөтөн адамдардын кирүүсүн чектөө зарылдыгын белгиледи.
Кененирээк маалымат.
1️⃣ Наши платформы
⚡️ Подписаться
