TGViewer
AQ24 & Analyst Qurultay in Central Asia AQ24 & Analyst Qurultay in Central Asia @analystqurultay · 252 subscribers
Post #383 162
БИЗДИН СПИКЕРЛЕР: БЕРИК ТУРСЫНБЕК ЖАНА МУХАМЕДЖАН ДУЗЕНОВ

Урматтуу достор, конференцияга бир жумадан аз убакыт калды, биз сиздерге дагы бир жолу Казакстандан келген спикерлердин дуэтин тартуулоого кубанычтабыз! 🇰🇿 Алардын презентациясынын темасы программалык робототехника (RPA) тармагындагы технологиялар жана чечимдер. Таанышып алыныздар!

Мухамеджан Дузенов (оң тарапта) — PwC Technology Advisory компаниясынын мурдагы кеңешчиси. Ал Казакстанда мамлекеттик санариптештирүү программаларын жана «Зерде» мамлекеттик институтунда электрондук өкмөттү өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууну жетектеген. Сертификацияланган IT Аудитору (CISA, ISO 27001), сертификацияланган RPA архитектору. 2019-жылы ал Борбордук Азиядагы биринчи RPA системалык интеграторун жана 2021-жылы Python RPA стартапын ишке киргизген.

Берик Турсынбек (сол тарапта) — IT Advisory EY компаниясынын мурдагы консультанты, Карнеги Меллон университетинин бүтүрүүчүсү. Google сунушунан баш тартып, ал Мухамеджан менен бирге RPA интеграторун жана Python RPA стартапын ишке киргизүү үчүн АКШдан Казакстанга кайтып келди.

«Роботтор менен жолугушуу» презентациясынын жүрүшүндө биздин спикерлер сиздерге:

🔸 RPA деген эмне: программалык робот кандай маселелерди чечет;
🔸 роботташтыруу автоматташтыруудан эмнеси менен айырмаланат;
🔸 роботтон санариптик кызматкерге: жасалма интеллект RPAны кантип байытат;
🔸 программалык роботторду колдонуу учурлары;
🔸 ал кантип иштейт: роботту иштеп чыгуунун жандуу демосу.

Мухамеджан менен Бериктин оюнуна кошулунуздар! AQ24 үчүн билеттерди учурдагы баада 2024-жылдын 8-июнуна чейин сатып алыңыз!!

🌾 AQ24 конференциясы IT Park Uzbekistan, Кыргыз программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын ассоциациясынын (КАРПОУ), Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын (КР ЖТП) жана «IT Академиясынын» (Бишкек, КР) колдоосу менен өткөрүлөт.

Алтын өнөктөш жана конференциянын демөөрчүсү — PDP Ecosystem & PDP University (Ташкент, Өзбекстан).

Конференциянын расмий маалыматтык өнөктөштөрү болуп Women Techmakers Kyrgyzstan, Kazakhstan, & Uzbekistan, ошондой эле «Тэкайым» Коомдук Фонду (Бишкек, КР), DARS School of Business and System Analysis (Астана, РК), ITverse (Астана, РК), «Стартап-Чайхана 2.0» (Ташкент) жана Pragmatic.Management долбоорлору, Key Consulting компаниясы (Ташкент) жана IT analyst NSK Community саналат. Конференциянын расмий медиа өнөктөштөрү
weproject.media, ошондой эле Creative Asia, The Tech, «Город 24 Ташкент» медиа долбоорлору саналат 🌾

@analystqurultay баракчасына жазылыңыз жана биздин окуялардан кабардар болуңуз!

#программа
showgo.uz Удобный билетный оператор ShowGo.uz Наше приложение разработано для вашего комфорта. Несколько кликов и билеты на мероприятия (концерты, театр, спорт) будут у Вас!
  • 🥰 1
More from @analystqurultay
  1. Jun 16, 2024✨ Друзья, в эти благословенные дни примите наши искренние пожелания со светлым праздником…
  2. Jun 8, 2024photo post
  3. Jun 8, 2024video post
  4. Jun 8, 2024Мухамеджан Дузенов и Берик Турсынбек Рассказывают про свой стартап, в рамках которого созд…
  5. Jun 8, 2024video post
  6. Jun 8, 2024Наталья Искорцева Рассказывает из чего состоит сертификация IQBBA
Threads Profile ViewerView any public Threads profile without an account.Open ThreadLook →Writing with AI? Make it sound human.Metric37 rewrites AI drafts so they read naturally. Free AI detector, 1,500 words free.Try Metric37 →